• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Эркин Европа/Азаттык Радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Эркин Европа/Азаттык Радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Жейми Флайды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент белгилегендей, Кыргызстан демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору баалайт, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар.

Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин бекемдөө күчтүү жана ачык жарандык коомду куруунун, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы негиздеринин бири экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле президент медиа өкүлдөрү да өз ишине, сөзгө, адам тагдырына жоопкерчилик менен мамиле кылыш керектигин кошумчалады.

Эркин Европа/Азаттык Радиосунун президенти Жейми Флай Кыргызстандагы оң маанайдагы демократиялык процесстерди, ачыктыктын деңгээлин жана сөз эркиндигин канааттануу менен белгиледи.

Ал, Азаттык Радиосунун өлкөдөгү ийгиликтүү ишмердиги ачыктык жана ММКлар үчүн түзүлгөн шарттар менен шартталганын кошумчалады.

Жолугушууда сөз эркиндигин бекемдөө чаралары, демократиялык коомду курууда ММКнын ролу тууралуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий