• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол иштелүүдө – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколду иштеп чыгууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилинде сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциясынын (КРВИ) күч алган мезгили. "Биз тиешелүү адистер менен биргеликте сасык тумоо, КРВИ жана коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколду иштеп чыгуудабыз. Жакында бешинчи протокол колдонууга берилет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий