• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткенде бир катар аткезчилик жүктөрдү аныктады

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар аткезчилик жүктөр аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иштери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, төмөнкүдөй аткезчилик товарлар аныкталды:

- Лейлек районунун Жаштык айылынын аймагында 2002-жылы туулган КР жараны, Жаштык айылынын тургуну О.Б.С. кармалды, ал кошуна мамлекеттин жарандары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын аймагына кара металлды (жезди) мыйзамсыз алып өтүшкөн, аларды Мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын бойлото жайгашкан кампаларда убактылуу сактап, кийин Кыргызстандын аймагында товарларды кайра сатууну көздөшкөн. Жүктүн жалпы салмагы 232 кг түзгөн;

- Лейлек районунун Ак-Арык айылынын мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын "Флагстая" участкасында таза кандуу делген эки жылкыны Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну 1993-жылы туулган Ж.Н.Ж. аттуу КР жараны кармалган. Жылкылардын болжолдуу суммасы 300 миң сомдун тегерегинде болгон;

- Лейлек районунун Достук айылынын аймагында Лейлек районунун Булак-Башы айылынын тургуну, 1999-жылы туулган КР жараны М.у.Б.нын башкаруусундагы "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа кармалган. Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок 3 тонна көмүр табылган. Кармалган унаа жүгү менен, жагдайлар такталганга чейин Жаңы-Жер чек ара постунун аймагына убактылуу токтотулган.

Аталган фактылардын негизинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий