• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келген

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Быйыл жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров облус аймагында жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен болгон жолугушууда билдирди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жолугушууда жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы талкууланды.

"Аймактагы туристтердин саны өсүп жатканы байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе - бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл", - деп белгиледи облус жетекчиси.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 1 миң 127 конок үйү бар.

Пикир

Оставить комментарий