• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 1-декабрдан 6-декабрга чейин аскерлерде күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча тактикалык-катардык көнүгүүлөр өткөрүлөт.

Окуу жылынын башталышынын алгачкы күнүндө, 1-декабрда Коргоо министрлигинде жаңы окуу жылынын башталуусун белгилеген митингдер жана коомдук-мамлекеттик даярдыктан сабактартар болду.

Сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылар учурдагы Борбор Азия регионундагы аскердик-саясий абал менен таанышты. Ошондой эле өздүк курамдын күжүрмөндүүлүгүн арттыруу иштерин дагы каралды.

Өткөрүлгөн иш-чаранын практикалык элементи болуп - башкаруу органдарын жана күчтөрүн жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка алып келүү боюнча өзүнчө-штабдык машыгуулар саналат.

Пикир

Оставить комментарий