• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүр каскад ГЭСтери күз-кыш мезгилине даяр — "Электр станциялары"

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. "Электр станциялары" ААК Таш-Көмүр каскад ГЭСтери күз-кыш мезгилине даяр экенин билдирет.

Электр станцияларынан билдиришкендей, аталган каскад ГЭСтеринде күз-кыш мезгилине даярдыктар бүткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, даярдоо чараларынын комплекси максималдуу энергетикалык жүктөмдөрдүн жабдууларды жана гидротехникалык курулмаларды ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында ТК каскад ГЭСтери бир катар иштер бүткөрүлдү. Мындан тышкары, пландын негизинде ТК каскад ГЭСтери күз-кыш мезгилиндеги 2023-2024 жылдардын утурумдук жана капиталдык жумуштарды аяктоодо. Бүгүнкү күндө ГЭСте төмөнкүдөй иштер аткарылды:

- ГА-1, 2, 3 гидроагрегаттары оңдолду;

- Т-1, 2, 3 трансформаторлор оңдолуп бүткөрүлдү.

- 220 кВ тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн жабдууларын утурумдук ондоо иштери аяктады.

Шамалды-Сай ГЭСи боюнча күз-кыш мезгилине төмөнкү иштер аткарылды:

- ГА-1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоо;

- ГА-3 гидроагрегатты орто оңдоо;

- ГА-2 гидроагрегатты учурдагы оңдоо;

- Т-1, 2 трансформаторлорун учурдагы оңдоо иштери толугу менен аткарылды.

Уч-Коргон ГЭСи боюнча утурумдук,капиталдык төмөнкү ондоо иштери бүткөрүлдү:

- ГА-1 гидроагрегатты капиталдык оңдоо;

- ГА-2, 3, 4 гидроагрегаттарды учурдагы оңдоо;

- Т-1, 2 трансформаторун учурдагы оңдоо;

- 110 кВ тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн жабдууларын учурдагы оңдоо.

Жалпысынан Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтеринин негизги жана көмөкчү жабдуулары келерки 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде максималдуу жүктү көтөрүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий