• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аидин Жумалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-ноябрда Бишкекте өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Музыкант Аидин Жумалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-ноябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 3-ноябрда “Элес” легендарлуу тобунун солисти каза болгон. Жумалиев боор оорусу менен жабыркап келген.

Молдокматованын айтуусуна караганда, музыкантты мурдагы күнү Түркиядан алып келишкен, ал акыркы үч ай бою ошол жакта дарыланып жүргөн.

“Биз күн сайын жазышып турдук, бирок акыркы жумада ал таптакыр байланышка чыккан жок. Мен ага дем-күч бергенге аракет жасап жаттым. Тилекке каршы, рак оорусу аны алып кетти. Эки күндүн ичинде Бишкектеги онкологиялык борборунда ага күнү-түнү дебей достору келип, кабар алып жатышты”,-деди Молдокматова.

Пикир

Оставить комментарий