• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков чиновниктерди жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө болушунча жакындатууда - Шестаков

Коом 0

Бишкек, 03.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков реформатор катары чиновниктерди жарандардын маселелерин чечүүгө болушунчу тартууну чечти. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине медиаэксперт Игорь Шестаков билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн мурдагы курамынын жарандар менен байланышы начар болгон.

“Таза коом” – азырынча келечектин иши, ал эми жарандардын жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү керек. Бүгүн биз кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды чечүү боюнча штаб түзүлгөнүн көрүп турабыз. Ошондуктан мындай демилгелер колдоого алынат”, - деди ал.

Шестаков жарандардын кайрылууларына жооп берген түзүмдөр республикалык деңгээлде, тагыраагы айылдарда дагы түзүлүшү керектигин билдирди.

“Мисалга алсак, аймактардагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн деңгээлинде”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, өкмөттүн аппаратында мамлекеттик түзүмдөрдүн жарандардын кайрылууларына жана даттанууларына ыкчам жооп кайтаруу бөлүмдөрү түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий