• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүйүнчү! Бишкекте 46 жаштагы айым үч эм төрөдү

Коом 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Айнура Жайнакова эки кыз, бир уулду жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин биринчиси - 1,75 кг, экинчиси - 1,27 кг, үчүнчүсү - 1,45 кг (уул). Дарыгерлердин айтуусуна караганда, эне-балдардын абалы канааттандырарлык.

Үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Айнура Жайнакованын мындан тышкары эки өспүрүм уулу бар.

Пикир

Оставить комментарий