• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймактарында кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу? Сунуштама

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстандын кайсы аймагына кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болору боюнча сунуштамасын берди.

Ага ылайык, кунарлуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланууга берүү мыйзамынын негизинде 614 миң гектар жер аянтын дыйкандар көп жылдык ижарага алып, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

"Өзүбүздөн отургузуучу материал өндүрүлмөйүн ургалдуу багбанчылыкты өлкө аймагында өнүктүрүү мүмкүн эместигин эске алып, бул багыттагы иштер иретке салынууда", - деп айтылат маалыматта.

Ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен питомниктер менен биргеликте мөмө-жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүү иштелип чыкты.

Баткен облусу

Баткен районунун климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн анын ичинде өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун, Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен районунда өрүк, Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат.

Жалал-Абад облусу

Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак дарак өсүмдүктөрүн Сузак районунда жүзүм, Аксы районунда кайналынын, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл жана Тоң райондору мөмөлүү бак дарактарды, анын ичинен гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабы малина жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Кулпунай өстүрүү баардык райондордо мүмкүн.

Нарын облусу

Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, карагат, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө мүмкүн.

Ош облусу

Ош облусунун негизги адистештирүүсу дан эгиндери, жашылча, бахча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана техникалык өсүмдүктөр болуп эсептелинет. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн баардык түрүн Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өстүрүү сунушталат.

Талас облусу

Талас өрөөнүнүн кыртыш-климаттык шарттары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинен алма, алмурут,кайналы жана жемиш өсүмдүктөрүнүн баардык түрүн өстүрүүгө ылайыктуу.

Чүй облусу

Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүүгө байланыштуу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн - алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий