• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкенттеги Көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилиги тай казансыз өтүшү мүмкүн – Исаев

Коом 0

Бишкек, 02.03.19. /Кабар/. Бүгүнкү шарт менен барса Ташкенттеги биринчилик тай казансыз өтөт. Бирок, жаңы жетекчилик башка мүчөлөр менен сүйлөшүп, абалды өзгөртүүгө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, "Көк Бөрү" федерациясынын мурдагы башчысы Канат Исаев Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал маалымат жыйыны Канат Исаев "Көк Бөрү" федерациясын жетектеп турганда "Түрк элдеринин салттуу оюндарынын ассоциациясына" Кыргызстандын мүчө болуусу боюнча документке кол коюусунун айланасындагы маселеге байланыштуу болду.

Анын айтымында, эрежелерди калыбына келтирүүгө азыр да кеч эмес. Бирок, ал азыркы жетекчиликтин иш-аракетине жараша болот.

"Бүгүнкү шарт менен барса Ташкентте оюн тай казансыз өтөт. Алдыда жарым жыл бар. Жаңы жетекчилик башка мүчөлөр менен сүйлөшүп, конгрессти чогултуп, абалды өзгөртүүгө болот. Ал соңку чечим эмес", - деди ал.

Белгилей кетсек, өткөн айда Астанада көк бөрүнү тай казансыз ойноо жана башка өзгөртүүлөрдү караган конгресс өтүп, жалпы жыйында ал сунуш колдоо тапкан. Кыргызстандын атынан ал жыйынга эч ким барган эмес.

Пикир

Оставить комментарий