• 88.68
  • 95
  • 0.95

Катуу суукка байланыштуу бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алына элек - ББжИМ

Коом 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги аба ырайынын суукташына байланыштуу бала бакчалардын, орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын иш тартиби боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык негизги жалпы билим берүү милдетүү болуп эсептелинет. Ушуга байланыштуу окуу процессин токтотуу тууралуу буйрук мектептерге тиешелүү.

Буйрукка ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тартиби боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуунун негизинде аймактык билим берүү башкармалыгы тарабынан чечим кабыл алынат.

Кесиптик билим берүү мекемелери чечимди кырдаалга жараша өз алдынча кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий