• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо аяктады

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, учурда инфракызыл жылыткыч орнотулду.

Ошондой эле жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер коюлуп, килемдер алмаштырылды.

Металл тосмолор сырдалып жана алардын элементтери алмаштырылды.

Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү - 75 сантиметр болгон КР Мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду.

Иштер «Бишкекбашкыархитектура» МИнин долбооруна ылайык демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен аткарылган.

Чыгымдардын жалпы суммасы 1 млн 345 миң 500 сомду түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев баш калаанын муниципалитетине гербди жаңыртуу өтүнүчү менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий