• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №162 автобустун кыймылы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Бишкекте №162 автобустун кыймылы өзгөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Эми автобус 12 -кичи районунан Линейная көчөсүнө чейин каттайт. Ошондой эле Г. Айтиев көчөсү убактылуу жабылганына байланышту аталган каттам А. Токомбаев көчөсү менен жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Буга чейин аталган каттам 12-кичи районунан Новопокровка айылы Волнага чейин каттап келген.

Пикир

Оставить комментарий