• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектиктер шаардын борборунун деталдуу пландоо долбоору качан даяр болот деп кызыгышууда – мэр

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоорун (ДПД) иштеп чыгууга 24 млн. сом коротту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын борбордук аймагын ДПД талкулоо маалында калаа башчы Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында калаанын борборун ДПД долбоорлоо боюнча иш 2013-жылда башталган, келишимге 2014-жылы кол коюлган.

“Бишкектиктер долбоор качан бүтөт деп кызыгып жатышат. ДПД калаанын жашыл жана турай жай аймагынын пландоо планын бекитиши керек. Ошондой эле шаардын аянтын рационалдуу колдонууну аныкташы керек”, - деп билдирди мэр.

Пикир

Оставить комментарий