• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкектеги билим берүү борборлорунда камкордук кеңештери түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Бишкектеги билим берүү борборлорунда окуу жылынын башында камкордук кеңештерин түзүү пландалууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, райондук билим берүү борборлорунда билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештеринин курамын түзүү боюнча жыйындар өттү.

Кеңештин максаты көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамдарды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө көмөктөшүү, социалдык мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо болуп саналат.

Ошондой эле, мектеп директорлоруна мектептин жанаша жайгашкан аймагынын санитардык абалын такай көзөмөлгө алып, зарыл болгон учурда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди уюштуруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий