• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын башкы прокурорлору кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын башкы прокурорлору Курманкул Зулушев жана Ин Юн эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында Сиань шаарында өткөн.

Жолугушууда эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташуусун бекемдөө, тажрыйба алмашууну жакшыртуу, кылмыш иштер боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле Кытайда түрдүү кылмыштар боюнча ар кандай мөөнөткө кесилген кыргызстандык жарандарды экстрадициялоо тууралуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий