• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын саны 2,7 миллионду түздү — Статкомитет

Коом 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын саны 2,7 миллионду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлобаева билдирди.

Анын айтымында, алардын 1,7 миллиону эркектер, 1 миллиону аялдар.

“15 жаштан жогоркулар үчүн жумушчу күчүнүн катышуусу 60%дан ашты. Эмгек рыногунда эркектер – 70,6%, аялдар – 45% активдүү. Эркектер эмгек активдүүлүгүнүн жогорку көрсөткүчүнө 30-34 жашта, аялдар 45-48 жашта жетет”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, иш менен камсыз болгондор арасында Ош облусу биринчи орунда турат. Ошто 632 миң адам, Жалал-Абад облусунда 396 миң адам жана Чүй облусунда 357 миң адам иштейт.

Пикир

Оставить комментарий