• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев «Кыргыз-кытай достук алкагы – 30 жыл ийгиликтүү өз ара аракеттенүү» форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-декабрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Кыргыз-кытай достук алкагы – 30 жыл ийгиликтүү өз ара аракеттенүү» темасындагы ЖОЖдор аралык жаштар форумуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Р.Казакбаев 2022-жылы тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей тургандыгына көңүл буруп, бул 30 жыл ичинде эки тараптуу кызматташуунун мамлекеттер аралык мамилелердин бардык тармактарын камтыган бекем укуктук-ченемдик базасы түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара мамилелер жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимге, өз ара урматтоого, кеңири эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кызыкчылыктардын жалпылыгына, ошондой эле биргелешип өнүгүүгө умтулууга негизделген ынак коңшулуктун, достуктун жана кызматташтыктын үлгүлүү мисалы экенин өзгөчө белгиледи. Р.Казакбаев Кытай Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарында мындан ары да өзгөчө орунду ээлей турганына көңүл бурду.

КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого гана түрткү бербестен, регионалдык жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого да кызмат кыла тургандыгын баса белгиледи.

Р.Казакбаев тышкы экономикалык байланыштар жаатында 30 жыл ичинде Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бирине айланганын белгиледи. Эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлинен улам энергетика жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча түрдүү этаптарда иштер жүргүзүлүүдө. Сөзүнүн аягында министр Кытай тарапка COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өтүп кеткен Кытай Эл Республикасынын Түзүлгөн күнү менен куттуктады.

Иш-чараны Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институту менен биргеликте уюштурган. Конференцияга ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын эксперттик жана академиялык коомчулугунун мүчөлөрү, кытай компанияларынын өкүлдөрү жана эки өлкөнүн студенттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий