• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий