• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги: Бишкекке электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборунда орун алган аварияга байланыштуу керектөөчүлөрдү, калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбайт, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий