• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.

Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий