• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан БУУнун электрондук өкмөт боюнча рейтингинде жогору көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун электрондук өкмөт жана жарандардын электрондук катышуусунун деңгээли боюнча рейтингинде жогору көтөрүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы санариптештирүүнүн деңгээлинин динамикалык өсүүсү уланууда. 2022-жылда 2014-жыл менен салыштырып келгенде биздин өлкө 20 позицияга жогору көтөрүлдү. Азыркы тапта Кыргызстан БУУ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде 81- орунга жайгашты. Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.

"e-Government Development Index, EGDI (БУУнун электрондук өкмөтүнүн өнүгүү рейтинги) өлкөлөр арасындагы маалымат айдыңынын өсүп-өнүгүшүндө негизги индикатору болуп саналат. Буга электрондук өкмөттүн үч маанилүү багыттары кошулган, алар: онлайн режиминде кызмат көрсөтүү, телекоммуникациялык байланыш жана адамдык потенциал.

Өлкөдөгү веб-сайттардын өнүгүү моделин баалоо менен катар индекс жеткиликтүүлүккө мүнөздөмө берет (калыптануунун инфраструктурасы жана деңгээли), өлкө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле калкты катышуусун камсыздоо үчүн маадыматтык технологияларды кантип колдонуп жаткандыгын анализдейт", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Кыргызстан жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде да ишенимдүү түрдө 79-орунга көтөрүлдү. EPI индексин EGDI толуктайт, ошону менен бирге жарандардын сурамжылоо боюнча же сурамжылоосуз жарыяланган маалыматтарга болгон жеткиликтүүлүгүн, мамлекеттик саясат менен кызмат көрсөтүү жагын талкулоо, электрондук чечимдерди кабыл алуудагы саясий, кызмат көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо боюнча биргелешкен электрондук чечимдерди кабыл алуудагы калктын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү айгинелейт.

Пикир

Оставить комментарий