• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Лула да Силваны Бразилиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силваны Бразилиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Сизди 2022-жылдын 30-октябрында өткөн Бразилия Федеративдүү Республикасынын президентин шайлоодогу жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин жеңишиңиз Бразилия элинин колдоосунун жана ишениминин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

Кыргызстан Бразилия менен эки тараптуу кызматташтыкты жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз Бразилия менен эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силвага чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Бразилиянын элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

Пикир

Оставить комментарий