• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй жана Нарында браконьерлер кармалып, айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.10.22 /Кабар/. Чүй жана Нарын облустарында браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун аймагында жүргүзүлгѳн рейддик иш-чара учурунда Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон 3 баш чил жана куралдар табылган.

Аталган факт боюнча протокол толтурулуп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, 10 миң сом айыппул салынып, 6 миң сом доо коюлду.

Мындан тышкары, 28-29-октябрдагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында браконьерлер кармалган.

Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлүп, 12 миң 500 жана 10 миң сом өлчөмүндө 2 айып салынып, 5 миң сом доо коюлду.

Пикир

Оставить комментарий