• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочуну жекеге чакырган ПМ кызматкерине кызматтык иликтөө башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Айдоочуну жекеме-жекеге чакырган патрулдук милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды. Бул туурасында “Кабар” агенттигине патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, Чүй облусунун Чүй районундагы Искра айылында болгон.

“Аталган окуя боюнча кызматкерибиз Анардин Үметовдун үстүнөн Чүй облустук патрулдук милициясынын жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүүнү дайындады. Чечим иликтөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Эгер инспектордун күнөөсү аныкталса, ага тиешелүү чара көрүлөт”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле, патрулдук милиция кызматкерлери иликтөө бир аптага чейин созулушу мүмкүн экенин, бул ишке байланышкан бардык фактылар (видео, фото) иликтөөдө эске алынаарын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Таалай Жунушов аттуу жаран интернетке видео жайгаштырган. Анда айдоочу жол эрежесин бузбаганына карабастан, Искра айылында аны патрулдук милиция кызматкери токтоткон. Инспектор айдоочу катуу ылдамдыкта келатканын айтып, документтерин сураган. Бирок, айдоочу каршы болуп, радарды көрсөтүүсүн жана аны видеого тартууну талап кылат. Бирок, инспектор айдоочунун телефонун алып, чөнтөгүнө салып алган. телефондогу жаздыруучу функциясы иштеп турганына байланыштуу айдоочу менен инспектордун сүйлөшкөнү жазылып калган.

Айдоочу видеону өчүрбөй турганын билген соң, инспектор жинденип, ага кыйкырып, коркутуп баштаган. Патрулдук милиция кызматкери ага жалаа жаап, райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетем деп, жекеме-жеке чыгууга чакырып, жада калса куралын дагы алып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий