• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчысынын эки орун басары дайындалды

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин (КИК) катчысынын эки орун басары дайындалды.

КИКтен кабарлашкандай, Света Садыкова Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын укуктук маселелер жана Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Света Садыкова жогорку окуу жайды юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Жогорку Кеңештин аппаратында 20 жылдан ашык эмгектенип, ЖК аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адисинен парламентаризм бөлүмүнүн башчысына чейинки кызматтарды ээлеген, Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын коргогон.

Ал эми Замир Айылчыев Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча орун басары болуп дайындалды.

undefined

Айылчыев жогорку билимдүү жана мамлекеттик органдарда жана эл аралык өкүлчүлүктөрдө иштеп, эл аралык мамилелер боюнча чоң тажрыйбага ээ. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, президенттин аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча жетектөөчү адиси, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий