• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Туран аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Күн мурун, 13-январда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, калаа башчы 2022-жылдын бюджетин бекитүү алдында шаардыктардын пикирин өзү угуп чыгууда.

Туранда чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп. Аларды тургундар мэрге эсептеп беришти. Бул аймакта жол, тротуар, жарыктандыруу, лоток, канализация, сквер, аялдама, ФАП, коомдук транспорттордун жетишсиздиги, газ түтүктөрү, турак-жайларды документтештирүү көйгөйлөрү бар.

Ош шаарынын бюджетинин бекитүү алдында негизги делген көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалат.

Пикир

Оставить комментарий