• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 17 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жумада 17 миң 264 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3 миң 225;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 249;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 713;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 19;

- автоээнбаштык – 3;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1 миң 164;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 66;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5 миң 778;

- айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 15;

- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 279.

- Унаа токтотуучу жайга 1 миң 4 автоунаа токтотулган.

Белгиленгендей, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий