• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкек-Новосибирск” жана “Ош-Новосибирск” багыты боюнча аба каттамдар жанданууда

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. “S7” авиакомпаниясынын “Бишкек-Новосибирск” (жума күндөрү) жана “Ош-Новосибирск” (бейшемби күндөрү) багыттары боюнча аба каттамдары жанданууда. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Учурда “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпаниялары “Бишкек-Москва” багыты боюнча жума күндөрү каттап жатат.

“Россиянын жана Кыргызстандын жарандары (Россия жарандарынын ата-энеси, балдары жана жубайлары; туруктуу жашоого уруксат берүүчү документи бар жарандар; дарыланууга муктаж адамдар россиялык медицина мекемесинин чакыруусу болсо; мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары) белгиленген негиздер боюнча дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү “Аэрофлот” авиакомпаниясынын “Бишкек-Москва” багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп кете алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Россияга учуп кетүү үчүн Кыргызстандын жарандарында ПЧР-тесттин жыйынтыктары болуп, тест акыркы үч күн ичинде жасалган болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий