• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочу аман калган. Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа өрттөнүп кетти (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Окуя бүгүн, 15-ноябрда унаа жолдун 260-чакырымында )Чычкан капчыгайы) болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, газ ташуучу унаа жол жүрүп бара жатып оодарылып кетип, өрт чыккан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

"Унаанын айдоочусу 1967-жылкы О.Г., аттуу жаран унаадан жерге секирип аман калган. Айдоочу майда жаракат алган, учурда абалы туруктуу", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 15:10дө толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий