• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Ош жолунда унаанын ичинен аял кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0


Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Бишкек – Ош жолунда унаанын ичинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январда болжол менен саат 21:50дө Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы батальонунун кызматкери менен Бишкек – Ош автожолунун 663-чакырымында, Кара-Суу районунун Медресе айылында 2-кезекте кызмат өтөп жаткан учурда "Дэу-Тико" автоунаасынын айдоочусу келип, автожолдун "Т" бурулуш участкасында унаанын ичинде айдоочу менен жүргүнчү урушуп жатышканын билдирген.

Кызматкерлер окуя болгон жерге барышканда токтоп турган "Хендай-Соната" унаасы ордунан жылып жөнөгөн. Жогорудагы автоунаанын артынан барып, токтотуп, текшерген учурда арткы орундугунда аял кишинин сөөгү жаткандыгы аныкталган.

Айдоочу кармалып, Кара-Суу райондук милициянын ыкчам тергөө тобуна өткөрүлгөн.

Каза болгон аял Ош шаарынын 31 жаштагы Г.Т. аттуу тургуну болгон. Айдоочу Кара-Суу районунун 39 жаштагы М.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий