• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №6 клиникалык оорукана өз профили боюнча бейтаптарды кабыл ала баштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукана өз профили боюнча бейтаптарды кабыл ала баштайт. Зарыл болгон учурда профилин өзгөртүп, COVID-19 менен ооруган адамдарды кабыл алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

«Оорукана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган болчу. Бирок коронавирустун клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган жаңы учурлары өсүп жаткандыктан терапиялык, кардиологиялык жана неврологиялык бейтаптарды дарылоо үчүн койка-орундуктарга муктаждык бар. Ага байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги калаадагы №6 клиникалык ооруканасын ремонт иштерин жүргүзбөстөн ачуу чечимин кабыл алды. Учурдагы экономикалык кырдаалга байланыштуу ремонт иштерин жүргүзүү үчүн финансы каражаты жетишсиз, ремонт иштери кийинки жылы жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында COVID-19 илдетине кабылган бейтаптарды төмөнкү ооруканалар кабыл алууда: Шаардык №1 клиникалык ооруканасы, кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы, Улуттук фтизиатрия борбору жана Улуттук госпиталь.

Саламаттык сактоо министрлигинен кошумчалашкандай, зарыл болгон учурда башка да саламаттык сактоо уюмдарында койка-орундуктар даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий