• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ШИИБ итке ак калпак кийгизген мода көргөзмөсүнүн мыйзамдуулугун текшерет

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Шаардык милициянын тергөө кызматынын кызматкерлери борбордогу итке ак калпак кийгизген мода көргөзмөсүнүн мыйзамдуулугун текшеришет. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктан маалымат Биринчи май райондук ИИБ каттоосуна алынганын жана ченемдерди жана мыйзам бузуулардын бар жогу текшерилип баштады.

Тергөө кызматы тарабынан бул материал юридикалык баа берүү үчүн каралууда.

Буга чейин режиссер Ырысбек Жабиров өзүнүн фейсбук баракчасында КР Башкы прокурору Индира Жолдубаевага жана Ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылып, аларды жоопко тартууну суранган.

“Итке ак калпак кийгизгендерди жана аны сахнага алып чыккандарды жоопкерчиликке тартууну суранам. Уюштуруучулар кечирим суроо менен гана чектелбеши керек”,-деп жазган ал.

Эске сала кетсек, 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда иттердин Dog’s fashion show аталыштагы мода көргөзмөсү өткөн. Иш-чара аяктагандан соң интернет түйүндөрүндө сүрөттөр жарыяланып, алардын арасында ак калпак кийген иттин сүрөтү да болгон. Интернет колдонуучулар аны кескин сынга алышкан.

Пикир

Оставить комментарий