• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкек-Торугарт” жолунда айдоочу велосипедчен адамды сүзүп кетип, ал каза болду

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. “Бишкек-Торугарт” жолунун 53-чакырымында Арал айылында Toyota Harrier унаасынын 19 жаштагы айдоочусу велисепидчен адамды сүзүп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы кечээ саат 22:00дө болгон.

Жол кырсыгынан 35-40 жаштагы велисепидчен адам каза болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий