• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Эксперттер сурак берүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Эксперттер сурак беришүүдө. Суракка соттук-экономикалык экспертизалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Шакулов чакырылган.

Сурак учурунда ал билдиргендей, комплекстик соттук-экономикалык экспертизалар тергөөчү тарабынан 2016-жылдын май айында белгиленген. Экспертизаны жүргүзүү башка эксперттердин тобу менен бирге Шакуловго тапшырылган.

"Турумбековду эксперт катары таанышты. Тергөөчү Сабыров бир катар суроо салып, маселен, "Электр станциялары" ААКсы менен кытайлык TBEA тарап макулдашкан ЖЭБдин мордернизациясына каралган сумма тууралуу суроо болгон. Андан тышкары, ЖЭБ иштеп чыккан энергияга болгон баа ж.б. суроолор болгон", - деди ал.

Ал белгилегендей, экспертиза жүргүзүү үчүн ЖЭБге баруу керек болгон. Эксперттер тобу таанышып чыгып, аларда суроо жараткан документтерди тергөөчүгө берген.

Эксперттер жооп берүүгө жана так эсептерди чыгарууга аракет кылган. Анын айтымында, баалоочулардын тыянагы боюнча объекттин баасы 5 млрд 422 млн 796 миң сом же 111 млн 369 миң 115 доллар болгон.

"Ошондой эле "ЖЭБ, 386 млн долларды качан актай турганы тууралуу" суроо болгон. Үстөк пайыздар эске алынып, ал өзүн 17 жылда, башкача айтканда 2034-жылга чейин актайт деп эсептелген. Ошентип, насыянын суммасы жылуулук жана электр энергиясынын баасын көтөрүүгө алып келет", - деп эсептеген эксперттер.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий