• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Евразия жумалыгы» форуму старт алды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму старт алды. Форумдун ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда.

Форумдун иши үч күнгө уланат. Ал эми төртүнчү күнү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, ЕАЭБдин активдүү жаштары бир аянтчага чогулуп, экономикалык интеграция жана бизнес-кызматаштык маселелерин талкуулашат.

Форумдун ишине эки миңден ашуун адам катышат.

Пикир

Оставить комментарий