• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекке БАЭден 187 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан 187 жаран кайтарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Дубай-Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai», авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишкен. Алардын ичинде жаш балдар да бар.

"Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты.

Азыркы учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат.

.

Пикир

Оставить комментарий