• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 4-кабаттан секирген кыздын абалы оор – дарыгер Кубатбеков

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Бишкектеги турак үйдүн 4-кабатынан секирген кыздын абалы оор. Бул тууралуу борбор калаадагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, 4-кабаттан секирген кыз кечээ, 15-январда саат 20:30да ооруканага түшкөн.

"Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы оор", - дейт Кубатбеков.

Биринчи Май районунун милициясынын маалыматында, окуя 15-январда болжол менен саат 19:00дө болгон. Жибек Жолу менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 19 жаштагы М.С. аттуу кыз секирген.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматынын дарыгерлери барышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде 136-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий