• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Айтиев менен Чуйковдун мааракелерине арналган көргөзмө өтүүдө — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын Сүрөтчүлөр бирлигинин күзгү республикалык “Башат” көргөзмөсүнүн ачылышы өттү.

Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына жана Семен Чуйковдун 120 жылдык мааракелерине арналган көргөзмө 22-ноябрга чейин уланат.

Көргөзмө ар түрдүүлүгү менен келген адамдарды таң калтырат: экспозицияда көркөм кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, айкелдер, графика, живопись чыгармалары коюлган. Салттуу чечилиштер, ошондой эле тайманбаган жаңы табылгалар да бар.

Көргөзмөдө негизинен республиканын салттуу көркөм сүрөт мектебинин руху байыр алган.

Пикир

Оставить комментарий