• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Күн кармаган бала” жана “Ак кеме” спектаклинин аткаруучулары сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облусттук музыкалык драма театры Ош жергесине болгон чыгармачылык сапарынын алкагында “Күн кармаган бала” жана “Ак кеме” спектаклин тартуулашты.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, сапаттуу спектаклдерди жаратууга кошкон чыгармачылык салымы үчүн спектаклдин актерлоруна облус жетекчиси Элчибек Жантаев ардак грамоталарды жана акчалай белектерди тапшырды. Аны менен бирге облус башчасы театрдын эркек жамаатын бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктап, Ош тургундарынын атынан ыраазычылык билдирди.

“Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен атайын искусство дүйнөсүн жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн тапшырмалар берилген. Ага ылайык маданий иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулууда. Мурдагыдай гастроль менен аймактарды кыдыруулар жанданууда. Бул демилге театрлар арасында алаканы бекемдеп, элдин руханий азык алуусуна өбөлгө болорун баса белгилегим келет”, - деп билдирди облус жетекчиси.

Өз учурунда театр жамааты Ош жергесинин меймандостугуна, көрүүчүлөрдүн сый-урматына, колдоосуна ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий