• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Кытай телекөрсөтүү жана радио тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Маданият 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кытайдын Радио уктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын министринин орун басары Ян Гожуй менен жолукту.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн 2023-жылдагы Телекөрсөтүү фестивалынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар телекөрсөтүү жана радио тармагында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Тактап айтканда, Чыңгыз Эсенгул уулу масс-медиа жаатында семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу аркылуу эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын айтты.

Өз кезегинде, кытай тарап телерадиоберүү тармагында мындан аркы өнүгүүгө жетишүү үчүн тыгыз кызматташууга умтуларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун жана эки тараптуу мамилелердин алкагында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий