• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 8 мончо текшерилип, тыюу салынган заттарды өрттөө фактысы аныкталган жок

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында Жибек-Жолу, Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан 8 мончо текшерилди.

Текшерүү учурунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган жок, жеке үйлөрдө мончо көмүр жана отун менен жылытылат. Ошондой эле рейд учурунда мончо ээлерине зыяндуу заттарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы зыяндуу заттарды өрттөө «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий