• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Айтматов проспектисинде жол кырсыгы болду

Коом 0


Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кырсыгы болуп, жол кырсыгында Toyota Land Cruiser Prado жана Mercedes-Benz унаалары кагылышкан.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы тууралуу кабар түшүп, чакыруу болгон. Бирок, жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочулары бир пикирге келгендиктен жол милиция кызматкерлерин чакыруудан кайра баш тартышкан. Toyota Land Cruiser Prado унаасынын айдоочусу унааны башкара албай калгандыгын моюнуна алып, Mercedes-Benz унаанын айдоочусуна чыгымды төлөп берүүгө макул болгон.

Жол кырсыгында эч ким жабыркаган эмес.

Жол кырсыгына кабылгандар бир пикирге келгендиктен бул жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган эмес.

Пикир

Оставить комментарий