• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда интернет колдонуучулардын пикирлери көзөмөлгө алынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги сайттардын, ЖМКлардын жана блогерлердин баракчаларындагы маалыматтарга көзөмөл кылуу укугуна ээ болот. Бул боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору жарыяланды.

Документке ылайык, веб-сайттардын, баракчалардын жана мессенжерлердин ээлери менен блогерлер алгач жарыялана турган маалыматтардын, анын ичинде колдонуучулардын пикирлеринин аныктыгын текшериши керек.

Мындан тышкары алар агенттиктин эскертүүсүн алгандан кийин 24 сааттын ичинде мыйзамга каршы келген маалыматтарды өчүрүп, бул тууралуу мекемеге кабар берүүгө милдеттүү болушат.

Пикир

Оставить комментарий