• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте акыркы эки күндө жол эрежелерин бузуу боюнча 1,4 миңден ашуун факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы 14-майдан 16-майга чейин Бишкекте “Бахус” аталышындагы рейд өткөрүп, жалпысынан жол эрежелерин бузуу боюнча 1 миң 438 фактыны аныктады.

Анын ичинен:

- унааны тиешелүү документтери жок башкаруу - 33;

- мас абалында рулга отуруу - 24;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып күңгүрттөп айдоо - 6;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөбөгөн айып пулдары бар унаалар - 14;

- убактылуу айып короо жайына 148 автоунаа токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары да рейд болоорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий