• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Аламүдүн-1 районунда воркаут-аянтчасы ачылат

Коом 0

Бишкек, 11.10.17. /Кабар/. Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда 13-октябрда 12:00дө воркаут-аянтчасы ачылат. Бул тууралуу борбор шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында иш-чаранын максаты – жаштарды сергек жашоого тартуу, көчө спортун жайылтуу, өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу болуп саналат.

Аянтчада мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кошумча зона түзүлүп: атайын турниктер коюлат.

“Воркаут-аянтча каражат коротпостон, ачык асман алдында машыгып, дене тарбияны чыңдоого жакшы мүмкүндүк берет”, -деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий