• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте “Баары билим үчүн – билим бардыгы үчүн” улуттук форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов “Баары билим үчүн – билим бардыгы үчүн” улуттук форумуна катышты.

Алмаз Исанов өз сөзүндө 2023-жылдын 18-19-сентябрында Нью-Йоркто өткөрүлгөн Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ) боюнча саммитте президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эки негизги багытын белгилегенин жана алардын бири ТӨМ-4 экенин белгиледи. Көптөгөн мамлекеттер үчүн ТӨМ өнүгүүнүн көрсөткүчү болуп саналат.

Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов ошондой эле билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки негизги маселеге токтолду.

“Эң пайдалуу нерсе – коомдогу баалуулуктарды өзгөртүү зарыл, анткени алар туруктуу натыйжаларга алып келет жана баалуулуктар билим берүү системасынан жаралат. Билим келечекке иштелип чыгышы керек, анткени билим берүү 10, 15 жылдан кийин рынокко чыга турган адистерди даярдайт”, – деди Алмаз Исанов.

2018, 2019, 2021-жылдары Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан ТӨМ-4тү ишке ашыруу боюнча улуттук форумдар ТӨМ-4тү алдыга жылдыруу максатында мамлекет менен жарандык сектордун диалогу үчүн аянтча болуп калды. Форумдун катышуучулары билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү жана сапаттуу билимге адилеттүү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашты. ТӨМ-4кө жетишүүнү тездетүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана билим берүүнү трансформациялоо үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун, академиялык структуралардын, бизнестин жана ЖМКнын ресурстарын бириктирүү маанилүү.

Форумга КР президентинин администрациясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Улуттук статистика комитетинин, ар кандай билим берүү мекемелеринин жана жарандык коомдун өкулдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий