• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Жалал-Абад облустук милициясына берген унаалар кандай бөлүштүрүлдү?

Аймак 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында жаӊы автоунаалар, атайын наамдар жана медалдар тапшырылды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына болгон иш сапары учурунда облустук милицияга 7 автоунаанын ачкычтарын тапшырган.

Бүгүн, 30-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов жаӊы автоунаалардын ичинен 1 “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунааны Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капарбек Исаковго, 2 “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына, 4 “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааларды Кайгуул-күзөт кызматына тапшырды.

Мындан сырткары, жаӊыдан дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылып, атайын наамдар ыйгарылды.

Ошондой эле кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдык мааракесине карата уюштурулган волейбол боюнча мелдеште 2-орунду багындырган ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий