• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 4,6 миң жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 5-августтан 11-августка чейинки аралыкта 4 миң 640 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 66;

- терезесин караңгылатып айдоо - 14;

- тиешелүү документи жок рулга отуруу - 39;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 709;

- башка эреже бузуулар - 3 миң 247. Ар кандай эреже бузган 575 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий